Депутаттардын VIII чакырылышынын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз VIII сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июну №8/1 Чолпон айылы
Тармал-Саз айылындагы ысым ыйгарылбаган жаңы көчөгө Таджиев Шаршеналынын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Тармал-Саз айылындагы ысым ыйгарылбаган жаңы көчөгө, ысым ыйгаруу жөнүндө 2025-жылдын 28-апрелиндеги айыл тургундарынын жалпы чогулушунун №1 протоколун эске алып, КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы “КР географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү тартиби” жөнүндөгү №467 токтомун II бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Чолпон айылынын 1922-жылы төрөлгөн тургуну, маркум Таджиев Шаршеналы, Чолпон айылында жашап, жаштардын туура тарбиялануусуна эбегейсиз кошкон салымын, ошондой эле 1941-1945-жылдарда согушта мурдагы СССРнын бейпилдиги үчүн күрөшүп, мекенди коргогондугун эске алуу менен Тармал-Саз айылындагы ысым ыйгарылбаган, жаңы көчөгө ысымы ыйгарылып, Таджиев Шаршеналы атындагы көчө болуп белгиленсин.
- Көчө белгилерин орнотуу, ирээтке келтирүү, тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Чекилдек-Тармал-Саз айылдарынын айыл башчысы Жоомартбек уулу Азаматка тапшырылсын.
- Бул токтомду аткаруу жагы Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Козубеков Закир Ашимовичке милдеттендирилсин.
Төрага Ө. Урматов
ЖИБЕРИЛСИН: Иш кагаздарына, веб сайтка.

