Урматтуу айылдаштар, кадырлуу аксакалдар жана ардактуу мекендештер!
Сиздерди чын жүрөктөн бүгүнкү улуу майрам менен куттуктайм! Бул күн – биримдиктин, ынтымактын жана жаркын келечекке болгон ишенимдин символу. Айылыбыз жылдан-жылга өнүгүп, эл-журтубуздун турмушу жакшырган сайын ар бириңиздердин эмгегиңиздер баа жеткис экенин белгилеп кетким келет.
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, тынчтык жана береке каалайм. Айылыбызда ынтымак артып, жаштарыбыз билимдүү, улуу муунубуз сый-урматта болсун. Биргелешкен аракетибиз менен дагы далай ийгиликтерге жетебиз деген ишенимдемин.
Майрамыңыздар кут болсун!
Ар дайым асманыбыз ачык, жергебиз тынч болсун!
Айыл өкмөт башчысы : Н.Жусупов
