Иш кагаздарынын сакталышына жооптуу кызматкерлерди жана туруктуу эксперттик комиссияны кайра дайындоо жөнүндө буйрук

БУЙРУК

 

 

______________№_____                                                                                        Оргочор айылы

Иш кагаздарынын сакталышына жооптуу кызматкерлерди жана туруктуу    эксперттик комиссияны кайра дайындоо жөнүндө

 

Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-октябрындагы №89  “Иш кагаздарынын сакталышына жооптуу кызматкерлерди жана туруктуу    эксперттик комиссияны кайра дайындоо жөнүндө”  буйругу менен бекитилген эксперттик комиссиянын айрым мүчөлөрү жумуш которуп кеткендигине байланыштуу, комиссия курамын кайра түзүү максатында  буйрук кылам:

 

  1. Айыл өкмөтүнүн иш кагаздарынын сакталышына жооптуу болуп Г.Мокешова дайындалсын.
  2. Иш кагаздарынын туура жүргүзүлүшүнө, сакталышына жана иш кагаздарынын баалуулугун аныктаган туруктуу эксперттик комиссиянын курамы төмөнкү курамда түзүлсүн.

 

1)    Г.Мокешова-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын төрайымы,

2) Г.Орозалиева-айыл өкмөтүнүн экономика-статистика боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы,

3)  Ч.Казиева- айыл өкмөтүнүн  каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын мүчөсү,

4)   Т.Усубакунов- айыл өкмөтүнүн  кирешелер боюнча жетектөөчү адиси, комиссиянын мүчөсү,

5)   А.Мамбеталиева- айыл өкмөтүнүн  социалдык маселелер  боюнча жетектөөчү адиси, комиссиянын мүчөсү,

6) Э.Бейшембаева- айыл өкмөтүнүн  өзгөчө кырдаалдар  боюнча  башкы адиси, комиссиянын мүчөсү

 

  1. Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-октябрындагы №89 “Иш кагаздарынын сакталышына жооптуу кызматкерлерди жана туруктуу    эксперттик комиссияны кайра дайындоо жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.

 

  1. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Мокешовага жүктөлсүн.

 

 

 

Башчы                                                                                                      Т.Усеналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген