Урматтуу Оргочор айылынын тургундары!
Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтү 2026-жылга карата бюджеттин долбоорун даярдоо маселеси боюнча коомдук угуу өткөрүлөрүн маалымдайт.
Коомдук угуу төмөнкүдөй өтөт:
Өткөрүлүүчү күнү: 2025-жылдын 24-сентябры
Убактысы: 14.00
Өткөрүлүүчү жери: Оргочор айылдык маданият үйү
Коомдук угууда 2026-жылга пландалган жергиликтүү бюджеттин долбоору тааныштырылып, айыл тургундарынын сунуш-пикирлери угулат.
Бардык кызыкдар жарандарды активдүү катышууга чакырабыз.
Оргочор айыл өкмөтү:Н.Жусупов
