Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөт жана Жергиликтүү кеңештин төрагасы Тыныбеков Айбек Базаркулович менен биргеликте айыл аймактын Ак-Дөбө, Аң-Өстөн, Мундуз, Тилекмат айылдардагы социалдык-маданий объектилердин иши менен таанышып чыкты

Ак-Дөбө, Тилекмат айылдарындагы бала бакчалардын курулуш иштеринин жүрүшү жана Аң-Өстөндөгү мектептин курулушу ишинин токтоп турушунун себептери менен жеринде таанышып чыкты.

Сапардын негизги максаты административдик- аймактык түзүлүштүн негизинде Оргочор айыл аймагына бириктирилген айылдардагы социалдык -маданий объектилердин иштеши жана андагы актуалдуу жана курч көйгөйлөр менен жеринде таанышуу.

Социалдык -маданий объектилердин иши менен таанышуунун жыйынтыгында көйгөйлөр талданып, алдыда жасалуучу иштер пландалды.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген