БУЙРУК
_______________№_____ Оргочор айылы
Оргочор асыл тукум кой чарбасына” тийиштүү кадастр китебиндеги катталган мүлктү тактоо үчүн комиссиянын курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин алдындагы “Кыргызмамасылтукум заводу” мамлекеттик ишканасынын “Оргочор кой өстүрүү боюнча тажрыйба станциясы филиалынын башчысы А.Көлбаевдин ооз эки кайрылуусунун негизинде “Оргочор асыл тукум кой чарбасына” тийиштүү Кадастр китебинде катталган тоют ороолорун, бузулуп кеткен кашарлардын ордун, алма бакты, Жер картасындагы №31 контурундагы панисионаттын орду, №32 контурдагы жайыт жер, №6 контурдагы “Гулкайыр” эс алуу жайын тактоо жүргүзүү максатында жумушчу топтун курамын түзүүгө
б у й р у к к ы л а м:
- “Оргочор асыл тукум кой чарбасына” тийиштүү Кадастр китебинде катталган тоют ороолорун, бузулуп кеткен кашарлардын ордун, алма бакты, Жер картасындагы №31 контурундагы панисионаттын орду №32 контурдагы жайыт жер, №6 контурдагы “Гулкайыр” эс алуу жайын тактоо жүргүзүү максатында жумушчу топ төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн.
1.Кудайбердиев Э.- өзгөчо кырдаалдар жана ветеринария боюнча адис.
2.К.Искаков- жер меселелери боюнча адис
3.Тотубаев Т- жергиликтүү кеңештин депутаты (макулдашуу боюнча)
4.Кылычбек уулу А. – – жергиликтүү кеңештин депутаты (макулдашуу боюнча)
5.Көлбаев А.А. – “Оргочор ГПЗ башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаты.
6.Туратбек уулу Э. – Оргочор айыл башчысы.
7.Уркунов К- Жайыт комитетиниин жетекчиси.
- Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Башчы Н.Жусупов
Даярдаган А.Кыдырбаева

