Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы ПЖ № 43 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө” жобосунун 2-главасынын 7-пунктунун 3-бөлүгүнө жана 3-главасынын 24-пунктуна таянып, Оргочор айыл өкмөтүнүн конкурсттук комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 11-сентябрындагы №4 протоколунун негизинде, буйрук кылам:
1.Оргочор айыл өкмөтүнүн башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарына берилген ачык конкурсттун жыйынтыгынын негизинде төмөндөгү жарандар айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизилсин.
1.Тариелова Эльза Тариеловна- башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орунуна,
2.Асанбаева Эркингул Абдыкалыевна-улук административдик муниципалдык кызмат орунуна 2026-жылдын 14-сентябрынан тартып кадрлар резервине киргизилгендиги эске алынсын.
2.Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы Г.Мокешовага тапшырылсын.
Башчы Н.Жусупов
