Урматтуу ардактуу ата-апалар, кадырлуу карыялар!
Сиздерди Карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Сиздер – элибиздин басып өткөн жолун, тарыхын, салт-санаасын, нарк-насилин сактап, кийинки муундарга өткөрүп келе жаткан улуу муунсуздар. Сиздердин акыл-насаатыңыздар, турмуштук тажрыйбаңыздар жана баталарыңыздар жаш муун үчүн баа жеткис байлык.
Ар бириңиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, көңүл тынчтыгын жана берекелүү карылыкты каалайбыз. Ар дайым балдарыңыздардын, неберелериңиздердин сый-урматын көрүп, алардын жакшылыгына күбө болуп, төрдө отуруп, ак батаңызды берип жүрө бериңиздер.
Өмүрүңүздөр узун, дөөлөтүңүздөр түгөнгүс, дасторконуңуздар берекелүү болсун!
Жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, жүрөгүңүздөр кубанычка толсун. Ар бир аткан таңыңыздар жакшылык, ар бир күнүңүздөр бакыт менен коштолсун!
Карылар күнүңүздөр кут болсун!
Бар болуңуздар, баркталган улуу муун!Оргочор айыл окмотунун башчысы Жусупов Нурдин Мукашевич
