2026-жылдын 21-сентябрында Оргочор айылындагы М.Тынаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде жаңы курулган спорт залдын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу Министринин отун басары   Мозгачева Виктория Андреевна,  КРнын Ысык-Кол облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Иманалиева Айдана Керимбековна,  Жети-Огүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчыс-аким Бахавадинов Эрмек Ибрагимович жана райондун бир катар жетекчилери  катышып, жаңы имараттын ачылышы менен куттукташты. Белгилей кетсек,  2025-жылдын апрель айынан  ОсОО “Пин Строй” фирмасынын  жетекчиси  Мейманбек  уулу  Улан жетектеп,   мектепке спорт зал куруу иштерин баштап, мамлекет тарабынан 32 982 238 сом бөлүнүп берилген.   Спорт залдын   аянты    613 метр кв, куруу обьему 4 056,6 м. кв.  Спорттук жабдыктар менен камсыздалды.

 
 

Comments are closed.