Оргочор айыл өкмөту жер ресурстары жана турак жай коммуналдык маселелер боюнча башкы адис кызмат ордуна резервге кабыл алууга ачык конкурс жарыялайт.

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

 

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Оргочор  айыл өкмөтүнүн   жер  ресурстары  жана турак жай  коммуналдык маселелер  боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)  

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

  • жогорку билим.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

жалпысынан 1жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”;

Кыргыз Республикасынын Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө  Мыйзамы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

  • билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү

 

Документтер 2026-жылдын 7-сентябрынан  2026-жылдын 21-сентябрына  чейин (10 календарлык күн ) https://kyzmat.gov.kg сайтты аркылуу Аралыктан (онлайн) кабыл алынат.

Тел. +996 702331035

 

Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн, документтер баардык коюлган квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.

 

Сынактын өтүүчү жери жана убактысы боюнча маалымат сынакка жарамдуу талапкерлерге кошумча кабарланат.

 

Comments are closed.